# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-декабрындагы №3-4 « Муниципалдык мал базар курууга макулдук берүү жөнүндө » токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-декабрындагы №3-4 « Муниципалдык мал базар курууга макулдук берүү жөнүндө » токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3-4
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37585/edition/25384/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-декабрындагы №3-4 « Муниципалдык мал базар курууга макулдук берүү жөнүндө » токтому (18.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021150

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

2024-жылынын 18-декабры №3-4

« Муниципалдык мал базар курууга макулдук берүү жөнүндө ».

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-декабрындагы № 01-28/1639 сандуу кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сенир айылындагы МХО участкасындагы №118 контурундагы 16 га жер аянтына муниципалдык мал базар курууга макулдук берилсин.

2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

А.Алимов
