# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-январындагы № 26 "Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-январындагы № 26 "Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37579/edition/25369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-январындагы № 26 "Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (20.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021142

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 20-январы № 26 Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 107-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
