# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 25 "Тамекини жана никотинди (тамеки жана никотин камтылган заттарды) чегүү үчүн атайын орундарды/жайларды жабдууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 25 "Тамекини жана никотинди (тамеки жана никотин камтылган заттарды) чегүү үчүн атайын орундарды/жайларды жабдууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37581/edition/25374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 25 "Тамекини жана никотинди (тамеки жана никотин камтылган заттарды) чегүү үчүн атайын орундарды/жайларды жабдууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021137

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 17-январы № 25

Тамекини жана никотинди (тамеки жана никотин камтылган заттарды) чегүү үчүн атайын орундарды/жайларды жабдууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Тамекини жана никотинди (тамеки жана никотин камтылган заттарды) чегүү үчүн атайын орундарды/жайларды жабдууга карата талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

2) ушул токтомду тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттеринин жана штаттык санынын алкагында аткарсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А. А.Касымалиев
