# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы ПТ № 11 (Кыргыз Республикасынын экономикасынын белгилүү бир тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салуу жөнүндө)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы ПТ № 11 (Кыргыз Республикасынын экономикасынын белгилүү бир тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салуу жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19422/edition/25360/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы ПТ № 11 (Кыргыз Республикасынын экономикасынын белгилүү бир тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салуу жөнүндө) (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021134

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 21-январы ПТ № 11

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын экономикасынын белгилүү бир тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салууну белгилесин.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн акционердик коомдорго товарларды артыкчылыктуу тартипте ата мекендик өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу сунушталсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
