# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январы № 18 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусун берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январы № 18 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусун берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-37572/edition/25355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январы № 18 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусун берүү жөнүндө" токтому (16.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021133

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 16-январы № 18

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусун берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтун сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 26-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтуна (мындан ары - Ботаникалык бак) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусу берилсин.

2. Ботаникалык бактын төмөнкү жер участоктору "Калктуу конуштардын жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулсун:

1) Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан, аянты 127,0 га болгон жер участогу;

2) Бишкек шаары, М.Горький көчөсү, 135/212 дарегинде жайгашкан, аянты 20,15 га болгон жер участогу;

3) Нарын шаары, Ленин көчөсү (н/ж) дарегинде жайгашкан, аянты 4,17 га болгон жер участогу.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:

1) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын режимин талаптагыдай сактоону камсыз кылсын;

2) эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

3) бул токтомду бекитилген штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын каржылоого тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чегинде ишке ашырууну камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
