# 97-берене. Эмгек акыны төлөөнүн тартиби жана орду. Банкроттук учурда эмгек акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 97-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-97

---

1. Эмгек акы төлөгөн учурда иш берүүчү ар бир кызматкерге ушул мезгил үчүн ага тиешелүү эмгек акынын курамдык бөлүктөрү, жүргүзүлгөн кармап калуулардын өлчөмдөрү жана негиздери, алууга тийиштүү акчалай сумма жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Эсептешүү баракчасынын формасы иш берүүчү тарабынан бекитилет.

2. Эмгек акы кызматкерге, эреже катары, ал иштеген жерде берилет же кызматкер көрсөткөн банктагы эсепке жамааттык келишимде же эмгек келишиминде аныкталган шарттарда которулат.

3. Төлөөнүн башка ыкмасы мыйзамда же эмгек келишиминде каралган учурларды кошпогондо, эмгек акы түздөн-түз кызматкерге төлөнөт.

4. Уюм банкрот деп жарыяланган учурда кызматкерлердин эмгек акысын төлөө боюнча талаптарын канааттандыруу банкроттук чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.

5. Эмгек акы боюнча карыз иш берүүчү тарабынан 3 айдан кем эмес мөөнөттө төлөнүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-98)
