# 96-берене. Эмгек акыдан кармап калуу. Эмгек акыдан кармап калуу өлчөмүн чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 96-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-96

---

1. Эмгек акыдан кармап калуу ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда гана жүргүзүлөт.

2. Иш берүүчүгө кызматкердин карызын жоюу үчүн анын эмгек акысынан кармап калуу иш берүүчүнүн тескемеси боюнча төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) кызматкерге эмгек акынын эсебинен берилген аткарылбаган иш үчүн аванстын ордун толтуруу үчүн; эсептеги жаңылыштыктардан улам ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтаруу үчүн; иш сапарына же башка жердеги башка ишке которулууга байланыштуу берилген сарпталбаган жана өз убагында кайтарылбаган авансты төлөө үчүн; эгерде кызматкер кармап калуунун негизин жана өлчөмүн талашпаса, чарбалык муктаждыктарга;

2) кызматкер ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнү алган иш жылы аяктаганга чейин бошотулганда өргүүнүн иштебеген күндөрү үчүн. Эгерде кызматкер ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында, 3-пунктунун "а" пунктчасында жана 4-пунктунда, 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бошотулган болсо, бул күндөр үчүн кармап калуу жүргүзүлбөйт;

3) иш берүүчүгө кызматкердин күнөөсү боюнча келтирилген зыяндын ордун анын орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө толтурууда.

Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, эгерде кызматкер кармап калуунун негиздерин жана өлчөмдөрүн талашпаса, мындай учурларда иш берүүчү авансты кайтаруу, карызды тындыруу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып же туура эмес эсептелип төлөнгөн күндөн тартып 1 айдан кечиктирбестен эмгек акыдан кармап калуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөттү өткөрүп жибергенде кармап калуу сот тартибинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Иш берүүчү тарабынан кызматкерге ашыкча төлөнгөн, анын ичинде мыйзам туура эмес колдонулган учурда андан эмгек акы өндүрүп алынбайт, буга эсептеги жаңылыштыктар кирбейт.

4. Ар бир эмгек акы төлөөдө бардык кармап калуулардын жалпы өлчөмү кызматкерге тийиштүү эмгек акынын 20 пайызынан, ал эми мыйзамдарда каралган учурларда 50 пайызынан ашпоого тийиш.

5. Бир нече аткаруу документтери боюнча эмгек акыдан кармап калууда кызматкерде эмгек акынын 50 пайызынан кем эмеси сакталып калууга тийиш.

6. Ушул беренеде белгиленген чектөөлөр түзөтүү жумуштарын өтөөдөгү, жашы жете элек балдарга алименттерди өндүрүүдөгү, ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруудагы, багуучусунун өлүмүнө байланыштуу залал тарткан адамдарга зыяндын ордун толтуруудагы жана кылмыштан келтирилген залалдын ордун толтуруудагы кармап калууларга колдонулбайт. Бул учурларда эмгек акыдан кармоонун өлчөмү эмгек акынын 70 пайызынан ашпоого тийиш.

7. Иштен бошотуу жөлөкпулунан, компенсациялык төлөөдөн жана мыйзамдарга ылайык өндүрүп алынбаган башка төлөөлөрдөн кармап калууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-95)  
Кийинки берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-97)
