# 95-берене. Орточо эмгек акыны эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 95-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-95

---

1. Орточо эмгек акынын өлчөмүн аныктоонун ушул Кодексте каралган бардык учурлары үчүн аны эсептөөнүн бирдей тартиби белгиленет.

2. Орточо эмгек акыны эсептөө үчүн конкреттүү уюмда колдонулуучу, эмгек акы төлөө тутумунда каралган төлөмдөрдүн бардык түрлөрү эсепке алынат.

3. Орточо эмгек акыны эсептөө иш жүзүндө эсептелген эмгек акыга жана бардык иш режиминде иш жүзүндө иштелген убакытка жараша жүргүзүлөт.

4. Орточо эмгек акы төлөгөн учурга чейинки 12 айга эсептелет. Жамааттык келишимде эсептөө үчүн кызматкердин абалын начарлатпаган башка мезгилдер каралышы мүмкүн.

5. Өргүүлөрдү төлөө жана пайдаланылбаган өргүүгө компенсация төлөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы эсептелген эмгек акынын суммасын 3кө жана 29,6га (календардык күндөрдүн орточо айлык саны) бөлүү жолу менен акыркы 3 календардык ай үчүн эсептелет.

6. Ушул Кодексте каралган учурларда жумуш күндөрдө берилүүчү өргүүлөрдү төлөө үчүн, ошондой эле мындай учурларда пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсация төлөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы эмгек акынын эсептелген суммасын алты күндүк иш жумасынын календары боюнча жумуш күндөрүнүн санына бөлүү жолу менен аныкталат.

7. Ушул берене менен белгиленген орточо эмгек акыны эсептөө тартибинин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-96)
