# 94-берене. Эмгек акы төлөөнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 94-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-94

---

1. Эмгек акы айына 1 жолудан кем эмес төлөнөт. Эмгек акы төлөөнүн мөөнөттөрү жамааттык келишим же уюмдун ченемдик актылары менен белгиленет.

2. Эмгек акы төлөө күнү дем алыш же майрам күнгө туш келгенде, ал төлөм ошол күндүн алдында жүргүзүлөт.

3. Эмгек келишими токтотулганда кызматкерге тиешелүү бардык сумманы төлөө иштин акыркы күнүнөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Эгерде кызматкер бошотулган күнү иштебесе, анда ага тиешелүү сумма бошотулган кызматкер эсептешүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү талабын бергенден кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

4. Иш берүүчү эмгек акы төлөөнүн, өргүү төлөмүн, бошотулган учурда эсептешүү төлөмүн жана башка төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн бузганда, иш жүзүндө эсептешкен күнгө карата ар бир мөөнөтү кечиктирилген календардык күн үчүн төлөнбөгөн акчалай сумманын 0,25 пайызын кошумча төлөөгө милдеттүү.

5. Кызматкер каза болгон күнгө карата алынбай калган эмгек акысы анын үй-бүлө мүчөлөрүнө же ал каза болгон күнгө карата анын багуусунда турган адамга берилет. Эмгек акысын берүү иш берүүчүгө тиешелүү документтери тапшырылган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-95)
