# 93-берене. Эмгек акыны белгилөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 93-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-93

---

1. Эмгек акы акы төлөө тутуму, тарифтик ставкалардын, маяналардын өлчөмдөрү, кызматкерлердин айрым категорияларынын ортосундагы алардын өлчөмдөрүндөгү катыш, сыйлоо тутуму, жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы боюнча, иштеген жылдары үчүн акы төлөөнүн, сый акыларынын тартиби жана шарттары, материалдык сыйлоонун башка түрлөрү макулдашууларда, жамааттык келишимде (эгерде жамааттык келишим кесиптик бирликтердин же башка өкүлчүлүктүү органдар менен кеңешкенден кийин иш берүүчү тарабынан түзүлбөсө), уюмдун ченемдик актылары, эмгек келишимдери менен аныкталат.

2. Мамлекеттик бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин акы төлөө тутуму жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте белгиленет.

3. Эмгек келишими боюнча эмгек акы төлөөнүн шарттары колдонуудагы мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, макулдашууларга жана жамааттык келишимдерге салыштырмалуу начарлашы мүмкүн эмес.

4. Макулдашууда, жамааттык келишимде, уюмдардын ченемдик актыларында аныкталган эмгек акы төлөөнүн шарттары колдонуудагы мыйзамдарга салыштырганда начарлашы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-94)
