# 92-берене. Төмөнкү эмгек акыны белгилөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 92-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-92

---

1. Эмгек акы төлөөнүн төмөнкү өлчөмү аны эмгекке жарамдуу адамдын жашоо минимумунун чоңдугуна чейин этап-этабы менен жогорулатуу принцибинин негизинде, бир эле учурда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен квалификациялуу эмес эмгек үчүн белгиленет.

2. Бир айлык мезгил үчүн жумуш убактысынын ченемин иштеп болгон жана эмгек ченемин (эмгек милдеттерин) аткарган кызматкердин аталган мезгилге эмгек акысы мыйзамда белгиленген минималдуу эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

3. Тарифтик тутумдун негизинде эмгек акы төлөөдө тарифтик торчонун биринчи разрядынын тарифтик ставкасынын (маянанын) өлчөмү эмгек акынын минималдуу өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

4. Минималдуу эмгек акынын өлчөмүнө кошумча төлөмдөр жана үстөктөр, сый акылар жана башка дем берүүчү төлөмдөр, ошондой эле ченемден четтеген шарттарда иштегендиги үчүн, өзгөчө климаттык шарттарда жана радиоактивдүү булганууга дуу шар болгон аймактарда иштегендиги үчүн төлөмдөр, башка компенсациялык жана социалдык төлөмдөр киргизилбейт.

5. Жашоо минимумун эсептөөнүн тартиби жана анын чоңдугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

6. Минималдуу эмгек акынын өлчөмү кошумча төлөмдөрдү жана үстөктөрдү, сый акыларды жана башка социалдык төлөмдөрдү эсептөө үчүн пайдаланылбайт, буга мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык пенсияларды эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо кирбейт.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-93)
