# 91-берене. Кызматкерлерге эмгек акы төлөө. Эмгек акы төлөөнүн формалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083#diff=34848..44238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 91-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-91

---

1. Иш берүүчү ушул Кодекске, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге жана эмгек келишимине ылайык кызматкерге эмгек акы төлөөгө милдеттүү.

2. Кызматкерлерге убакыт боюнча эмгек акы аткарылганына жараша же эмгек акы төлөөнүн башка тутумдары боюнча төлөнөт. Акы жекече жана (же) жамааттык эмгектин натыйжалары боюнча төлөнүшү мүмкүн. Эмгек акы төлөөнүн өлчөмү мыйзамдарда белгиленген эмгек акынын төмөнкү өлчөмүнөн төмөн болбойт.

3. Кызматкерлерге эмгек акы төлөө аткарылган иштин көлөмүнө, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталат.

4. Кызматкерлерге квалификациялык талаптар жана иштердин белгилүү бир түрлөрүнүн татаалдыгы иштердин жана кызматкерлердин кесиптеринин квалификациялык маалымдамасынын, кызматчылардын кызмат орундарынын квалификациялык маалымдамасынын негизинде белгиленет. Аталган маалымдамаларды иштеп чыгуу жана колдонуу тартиби эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Аткарылуучу иштерди белгилүү бир татаалдыкка таандык кылуу жана кызматкерлерге квалификациялык разряддарды ыйгаруу иш берүүчү тарабынан иштердин жана кызматкерлердин кесиптеринин квалификациялык маалымдамасына, кызматчылардын кызмат орундарынын квалификациялык маалымдамасына ылайык кесиптик стандарттардын негизинде өз алдынча жүргүзүлөт.

5. Эмгек акы төлөөгө тийиштүү сый акылардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. Эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен акчалай түрдө жүргүзүлөт.

7. Карыздык милдеттенме, тил кат, азык-түлүктүн же өнөр жай товарларынын карточкалары жана ушул сыяктуу акчаны алмаштыруучулар түрүндө эмгек акы төлөөгө тыюу салынат.

8. Эмгек акыны төлөө накталай эмес формада жүргүзүлүүгө тийиш:

- иш берүүчү - юридикалык жак тарабынан;

- иш берүүчү- жеке ишкер тарабынан чет өлкөлүк жарандарга эмгек акы төлөөдө.

Ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган учурларда эмгек акыны накталай формада төлөөгө уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иш берүүчүлөргө - иштин айрым түрлөрүндөгү уюмдарга же өлкөнүн белгилүү бир аймактарында эмгек акыны накталай формада төлөөгө уруксат берүүгө укуктуу. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-92)
