# 9-берене. Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого жол бербөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 9-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-9

---

1. Ар ким өзүнүн эмгек укуктарың жана эркиндиктерин ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүккө ээ.

2. Эч ким жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, курагына, жашаган жерине, динге болгон мамилесине, саясий ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыктыгына же таандык эместигине, соттолгондугуна (эмгек боюнча өз ара мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган чектөөлөрдөн тышкары), ошондой эле кызматкердин ишкердик сапаттарына жана анын эмгегинин натыйжаларына байланышпаган башка жагдайларга жараша эмгек укуктары жана эркиндиктери чектелиши же аларды ишке ашырууда кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн эмес.

3. Бирдей баалуулуктагы эмгек үчүн бирдей эмес эмгек акы төлөөгө жол берилбейт.

4. Мыйзамдарда белгиленген, эмгектин конкреттүү түрүнө мүнөздүү болгон талаптар менен аныкталган же болбосо жогорку социалдык жана укуктук коргоого муктаж болгон адамдар жөнүндө мамлекеттин өзгөчө камкордугу менен шартталган айырмачылыктарды, алып салууларды, артыкчылыктарды жана чектөөлөрдү белгилөө басмырлоо болуп саналбайт.

5. Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого, анын ичинде эмгек чөйрөсүндө зомблукка, ыдык көрсөтүүгө, куугунтукка дуушар болду деп эсептелген адамдар бузулган укуктарын калыбына келтирүү, материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык зыянды компенсациялоо жөнүндө тиешелүү арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-10)
