# 88-берене. Тартиптик жазалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 88-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-88

---

1. Эмгектенүү тартибин бузгандыгы үчүн, атап айтканда кызматкер ага жүктөлгөн эмгек милдеттерин анын күнөөсү боюнча укукка каршы аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн иш берүүчү төмөнкүдөй тартиптик жазаларды колдонууга укуктуу:

1) эскертүү;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) тиешелүү негиздер боюнча иштен бошотуу.

2. Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн тартип жөнүндө уставдар жана жоболор менен башка дагы тартиптик жазалар каралышы мүмкүн.

3. Тартип жөнүндө мыйзамдарда, уставдарда же жоболордо каралбаган тартиптик жаза чараларын колдонууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-89)
