# 86-берене. Уюмдун эмгектенүү тартиби. Тартип жөнүндө уставдар жана жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 86-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-86

---

1. Уюмдагы ички эмгек тартиби уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашылгандан кийин иш берүүчү тарабынан бекитилүүчү ички эмгек тартибинин эрежелери же жамааттык келишим менен аныкталат.

2. Уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери - кызматкерлерди кабыл алуунун жана бошотуунун тартибин, эмгек келишиминин тараптарынын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, уюмдун иш режимин, эс алуу убактысын, кызматкерлерге карата колдонулуучу сыйлоо жана жазалоо чараларын жана уюмдагы эмгек мамилелерин жөнгө салуунун башка маселелерин ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык регламенттөөчү уюмдун ченемдик акты.

3. Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартип жөнүндө уставдар жана жоболор колдонулат.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-87)
