# 8-берене. Эмгек мамилелерин жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди келишимдик тартипте жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-8

---

1. Ушул Кодекс эмгек келишимине негизделген эмгек мамилелелерин, ошондой эле төмөнкүлөр менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат:

1) өндүрүштө кызматкерлерди кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

2) кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнча кесиптик бирликтердин же башка өкүлчүлүктүү органдардын иши;

3) социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин иши;

4) жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;

5) кызматкерлердин (алардын өкүлдөрүнүн) жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы уюмдардын деңгээлиндеги өз ара мамилелер;

6) ишке орноштурууну камсыз кылуу;

7) эмгек жөнүндө, эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө;

8) жекече жана жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароо.

2. Жамааттык келишимдер, макулдашуулар, ошондой эле эмгек келишимдери кызматкерлердин эмгек мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана кепилдиктерин начарлатуучу шарттарды камтый албайт. Эгерде мындай шарттар жамааттык келишимге, макулдашууга же эмгек келишимине киргизилсе, анда алар колдонулбайт.

3. Кооперативдерге, ишканаларга жана шериктештиктерге мүчөлүккө негизделген эмгек жана алар менен байланышкан мамилелер алардын уставдарында көрсөтүлгөн, бирок эмгек мыйзамдарына каршы келбеген өзгөчөлүктөр менен ушул Кодекс менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-9)
