# 79-берене. Эмгек өргүүсүнүн узактыгын иштеген убактысына пропорционалдуу эсептөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 79-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-79

---

1. Жумуш жылындагы пропорционалдуу иштеген убактысына эмгек өргүүсүнүн узактыгы 1 айга туура келүүчү өргүүнүн чоңдугун жумуш жылындагы иштеген айлардын санына көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Иштеген убакыттын үлүшүнө пропорциялуу өргүү күндөрүнүн жалпы узактыгындагы 0,5ке барабар болгон жана андан ашык онунчу үлүштөр 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен азы эсептен чыгарылат.

3. Жумуш жылындагы иштелген толук айлардын эсеби төмөнкүдөй чыгарылат:

1) жумуш жылына киргизилген күндөр эсептелет;

2) алынган сумма жыл ичиндеги жумуш күндөрүнүн орточо айлык санына бөлүнөт;

3) 13 жана андан ашык жумуш күнүн түзгөн күндөрдүн калдыгы толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумуш күндөн аз күндөр эсептен чыгарылат.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-80)
