# 78-берене. Кызматкерлердин айрым категорияларынын ар жылдык эмгек өргүүсүн өздөрүнө ыңгайлуу каалаган убакта же белгилүү бир мезгилде пайдалануу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 78-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-78

---

1. Кызматкер үчүн каалаган ыңгайлуу убакта ар жылдык эмгек өргүүсүн пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:

1) 14 жашка чейинки эки же андан ашык балдары бар же 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласы бар кызматкерлерге;

2) кызматкерлерге - Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун катышуучуларына, ошондой эле аларга теңештирилген адамдарга;

3) чернобыль апаатындагы кыйроонун кесепетинен жапа чеккен кызматкерлерге;

4) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга.

2. Эмгек өргүүсүн белгилүү мезгилде кезексиз пайдалануу укугу жылдын өздөрүнө ыңгайлуу каалаган убагында төмөнкүлөргө берилет:

1) 18 жашка чейинки кызматкерлерге - жай мезгилинде (июнь-август);

2) өндүрүштөн ажыратылбастан жалпы билим берүү, башталгыч, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларында окуп жаткан кызматкерлерге - негизги сабактар өтөөр алдында же өтүп жаткан убакта, окуу иштерин аткаруу, экзамендерди жана зачетторду тапшыруу убагында;

3) аялдары кош бойлуулук же төрөт боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге -ошол өргүү мезгилинде;

4) айкалыштырып иштегендерге - негизги иши боюнча өргүүсү менен бир убакта;

5) кош бойлуу аялдарга;

6) 14 жашка чейинки баласы бар жалгыз бой энелерге/аталарга.

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-79)
