# 77-берене. Эмгек акысы сакталбаган өргүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 77-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-77

---

1. Үй-бүлөлүк жагдайлар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.

2. Иш берүүчү кызматкердин арызынын негизинде төмөнкү учурларда эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана жеңилдиктер боюнча аларга теңештирилген адамдарга, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюунун катышуучуларына - жылына 14 календардык күнгө чейин;

2) өлкөнү коргоодо алган жаракаттын, контузиянын же майып болуунун натыйжасында же болбосо фронтто болуусуна байланышкан оорусунан улам курман болгон аскер кызматчыларынын ата-энелерине жана жубайларына - жылына 30 календардык күнгө чейин;

3) иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - жылына 60 календардык күнгө чейин;

4) кызматкерлерге бала төрөлгөн, никеси катталган, жакын туугандары каза болгон учурларда - 5 календардык күнгө чейин;

5) ушул Кодексте, башка мыйзам актыларында же болбосо жамааттык келишимде каралган учурларда башка адамдарга.

3. Кызматкер эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн мезгилде анын жумуш орду (кызмат орду) сакталат.

4. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди эмгек акысы сакталбаган өргүүгө жиберүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-78)
