# 76-берене. Кызматкерди бошотууда өргүүгө болгон укугун ишке ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 76-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-76

---

1. Кызматкерди бошотууда ал пайдаланбаган бардык өргүүлөрдүн күндөрү үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет.

2. Кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча пайдаланылбаган өргүү күндөрү ага андан ары иштен бошотуу менен (күнөөлүү иш-аракеттери үчүн бошотулганды кошпогондо) берилиши мүмкүн. Мында бошотулган күн болуп өргүүнүн акыркы күнү эсептелет.

3. Эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотууда андан ары бошотуу менен өргүү өргүүнүн убактысы келишимдин мөөнөтүнүн толук же жарым-жартылай бүткөнүнөн ашып кетсе да берилиши мүмкүн. Бошотулган күн болуп өргүүнүн акыркы күнү эсептелет.

4. Эмгек келишими кызматкердин демилгеси боюнча бузулган учурда андан ары бошотуу менен өргүү берүүдө, эгерде анын ордуна башка кызматкер, ошондой эле ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык эмгек келишимин түзүүдөн баш тартууга мүмкүн болбогон кызматкер жазуу жүзүндө чакырылбаса, ал өргүү аяктаган күнгө чейин өзүнүн бошотуу жөнүндө арызын кайра чакыртып алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-77)
