# 75-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү бөлүктөргө бөлүү. Өргүүдөн чакыртып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 75-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-75

---

1. Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем эмес болууга тийиш.

2. Кызматкерди өргүүдөн анын макулдугу менен гана чакыртып алууга жол берилет. Өргүүнүн ушуга байланыштуу пайдаланылбай калган бөлүгү кызматкердин тандоосу боюнча учурдагы жумуш жылы ичинде ага ыңгайлуу болгон убакта берилүүгө же кийинки жумуш жылы үчүн өргүүгө кошулууга тийиш.

3. 18 жашка чейинки кызматкерлерди, кош бойлуу аялдарды жана эмгектин зыяндуу жана (же) кооптуу шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерди өргүүдөн чакыртып алууга жол берилбейт.

4. Өргүүнүн 14 календардык күнүнөн ашкан бөлүгү кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай компенсацияга алмаштырылышы мүмкүн.

5. 18 жашка чейинки кызматкерлерге, ошондой эле оор кара жумуштарда жана зыяндуу жана(же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерге карата акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүнү акчалай компенсация менен алмаштырууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-76)
