# 74-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү узартуу же которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 74-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-74

---

1. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү төмөнкүдөй учурларда узартылууга тийиш:

1) кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы;

2) эгерде мыйзамдарда каралган болсо, кызматкер акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү убагында мамлекеттик милдеттерди аткарса;

3) мыйзамдарда, жамааттык келишимде же уюмдун локалдуу ченемдик актыларында каралган башка учурларда.

2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн себептер өргүү башталганга чейин келип чыкса, өргүү кызматкердин каалоосу боюнча кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталуучу учурдагы жумуш жылынын башка мезгилине которулат.

3. Кызматкер иш берүүчүгө өргүүнү пландалган мөөнөттө пайдаланууга тоскоол болгон себептер жөнүндө жана өргүүнү узартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

4. Эгерде кызматкерге өргүү мезгилинде акысы өз убагында төлөнбөсө же болбосо ага өргүүнүн башталган датасы жөнүндө ал башталганга чейин 2 жума мурда эскертилбесе, өргүү кызматкердин арызы боюнча башка мөөнөткө которулат.

5. Кызматкерге учурдагы жумуш жылы өргүү берүү уюмдун ишинин ченемде жүрүшүнө терс таасир этиши мүмкүн болгон өзгөчө учурларда, кызматкердин макулдугу менен өргүүнү кийинки жумуш жылына которууга жол берилет.

6. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү катары менен 2 жыл ичинде бербей коюуга, ошондой эле 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерге жана зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү бербей коюуга жол берилбейт.

7. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү берилбеген учурда кызматкер аны пайдалануу укугун же берилбеген өргүүлөрдүн бардык жылдары үчүн акчалай компенсация алуу укугун жоготпойт.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-75)
