# 72-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 72-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-72

---

1. Акы төлөнүүчү өргүү ар жылы жыл сайын берилет.

2. Иштеген ишинин биринчи жылы үчүн өргүүнү пайдалануу укугу кызматкердин ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо пайда болот. Тараптардын макулдашуусу боюнча кызматкерге акы төлөнүүчү өргүү 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн.

3. Үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай болгонго чейин акы төлөнүүчү өргүү кызматкердин арызы боюнча берилет:

1) аялдарга - кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин;

2) 18 жашка чейинки кызматкерлерге;

3) айкалыштырып иштегендерге, эгерде негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсү айкалыштырып иштегенине 11 ай толгонго чейинки мезгилге туура келсе;

4) 3 айга чейинки курактагы баланы (балдарды) асырап алган кызматкерлерге;

5) мыйзамдарда каралган башка учурларда.

4. Ишинин экинчи жана андан кийинки жылдары үчүн өргүү ошол уюмда белгиленген акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезегине ылайык жумуш жылынын каалаган убактысында берилиши мүмкүн.

5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарында баяндалган учурларды кошпогондо, өргүүнү жумуш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу, бирок 14 календардык күндөн кем эмес берүүгө жол берилет.

6. Эгерде жамааттык же эмгек келишиминде башкача каралбаса, негизги өргүүнү биринчи жумуш жылында 11 ай өткөнгө чейин аванс менен берүүдө кызматкер алууга укуктуу болгон кошумча эмгек өргүүлөрү жумуш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу берилет.

7. Кызматкер бир айдан кем эмес иштеген учурда, ал пайдаланылбаган эмгек өргүүсү үчүн компенсация алуу укугуна ээ болот.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-73)
