# 71-берене. Жумуш жылы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 71-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-71

---

1. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү алууга укук берүүчү жумуш жылына төмөнкүлөр кирет:

1) иш жүзүндө иштеген убактысы;

2) кызматкер иш жүзүндө иштебеген, бирок мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык анын жумуш орду (кызмат орду) сакталган убактысы, анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы;

3) иштен мыйзамсыз бошотулган же четтетилген жана кийин мурдагы жумушуна калыбына келтирилген ишке аргасыз келбеген убактысы;

4) жамааттык келишимде, эмгек келишиминде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында каралган убакыттын башка мезгилдери.

2. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү алууга укук берүүчү жумуш жылына төмөнкүлөр кирбейт:

1) кызматкер жүйөлүү эмес себептер менен (анын ичинде ушул Кодекстин 37-беренесинде каралган учурларда анын иштен четтетилгендигинин натыйжасында) жумушка келбеген убактысы;

2) бала мыйзамда белгиленген жашка толгонго чейин аны багуу боюнча өргүүнүн убактысы;

3) кызматкердин өтүнүчү боюнча берилүүчү узактыгы 14 календардык күндөн ашкан эмгек акысы сакталбаган өргүүлөрдүн убактысы.

3. Зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы иш үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүлөргө укук берүүчү иш жылына мындай шарттарда иш жүзүндө иштеген убактысы гана киргизилет.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-72)
