# 70-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдүн узактыгын эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 70-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-70

---

1. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги жана акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүлөрдүн узактыгы календардык күндөр менен эсептелет. Өргүү мезгилине туш келген жумуш эмес майрам күндөрү өргүүнүн календардык күндөрүнүн санына киргизилбейт жана төлөнбөйт.

2. Ушул Кодексте, эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актыларда, макулдашууларда, жамааттык жана эмгек келишимдеринде каралган учурларда акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүнүн узактыгы график боюнча жумуш күндөрү менен эсептелет.

3. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнүн жалпы узактыгын эсептөөдө акы төлөнүүчү кошумча өргүүлөр акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүгө кошулат.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-71)
