# 7-берене. Эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактарга таандык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына карата колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 7-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-7

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, ушул Кодекс, эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан уюмдарда иштеген чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында же эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, уюмдаштыруучулары же менчик ээлери (толук же жарым-жартылай) чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактар (анын ичинде трансулуттук корпорациялардын туунду уюмдары) болуп саналган Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан уюмдардын кызматкерлерине эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар жайылтылат.

3. Ушул берененин экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары мындай уюмдардын чет өлкөлүк кызматкерлери менен катар бирдей баалуулуктагы эмгеги үчүн бирдей акы алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-8)
