# 68-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги эмгек өргүүсүнүн узактыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 68-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-68

---

1. Кызматкерлерге жумуш ордун (кызмат ордун) жана орточо эмгек акысын сактоо менен ар жылдык өргүүлөр берилет.

2. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү кызматкерлерге узактыгы 28 календардык күнгө берилет.

3. Кызматкерлерге узактыгы 28 календардык күндөн ашкан акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү (узартылган негизги өргүү) ушул Кодекске жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык берилет.

4. Узактыгы 28 календардык күндөн ашкан узартылган негизги өргүү төмөнкүдөй белгиленет:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга;

2) 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерге (анын ичинде өндүрүштүк окуудан өтүү үчүн кабыл алынгандарга) жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - 30 календардык күнгө. Эгерде ага узартылган негизги өргүү берилген жумушчу жылы ичинде кызматкер 18 жашка толсо же анын майыптыгы алып салынса, өргүүнүн узактыгы азайтылбайт;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген айрым категориядагы кызматкерлерге - 30 календардык күн. Узартылган негизги өргүүгө укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-69)
