# 66-берене. Майрам күндөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 66-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-66

---

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) 1-январь - Жаңы жыл;

2) 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү;

3) 8-март - Аялдардын эл аралык күнү;

4) 21-март - Элдик Нооруз майрамы;

5) 7-апрель - Элдик Апрель революциясынын күнү;

6) 1-май - Эмгек майрамы;

7) 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;

8) 9-май - Жеңиш күнү;

9) 31-август - Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү;

10) 7 жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.

2. Кыргыз Республикасында жумуш эмес майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) 1, 2, 3, 4, 5, 6-январь - жаңы жылдык каникулдар;

2) 8-март - Аялдардын эл аралык күнү;

3) 21-март - Элдик Нооруз майрамы;

4) 1, 2, 3 ,4, 6, 7, 8-май - май каникулдары;

5) 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;

6) 9-май - Жеңиш күнү;

7) 31-август - Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү.

3. Ай календары боюнча аныкталуучу мусулмандардын майрамдары "Орозо айт", "Курман айт" жана 7-январь - "Ыйса Пайгамбардын туулган күнү" (православное рождество) жумуш эмес майрам күндөрү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [65-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-65-1)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-67)
