# 65-берене. Дем алыш күндөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 65-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-65

---

1. Бардык кызматкерлерге дем алыш күндөрү берилет (ар жумалык үзгүлтүксүз эс алуу). Ар жумалык эс алуу күндөрү дем алыш деп таанылат.

2. Беш күндүк иш жумасында 2 дем алыш күнү берилет, алты күндүк иш жумасында 1 дем алыш күнү берилет.

3. Жекшемби жалпы дем алыш күнү болуп саналат. Жумуштун мүнөзүнө жараша экономиканын белгилүү бир секторлорунда жамааттык келишимде, жамааттык макулдашууда же эмгек келишиминде жуманын башка күнү дем алыш күнү катары аныкталышы мүмкүн. Эгерде тараптардын макулдашуусу боюнча башкача аныкталбаса, беш күндүк иш жумасында экинчи дем алыш күнү ички эмгек тартибинин эрежелери же иштөө графиги менен белгиленет. Эки дем алыш күнү тең катары менен берилет.

4. Өндүрүштүк-техникалык жана уюштуруу шарттары боюнча дем алыш күндөрү ишин токтотууга мүмкүн болбогон уюмдарда дем алыш күндөрү жуманын ар кайсы күндөрүндө уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелерине ылайык кызматкерлердин ар бир тобуна кезек менен берилет.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-64)  
Кийинки берене: [65-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-65-1)
