# 62-берене. Жумуш убактысын эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 62-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-62

---

1. Иш берүүчү кызматкердин ошол иш берүүчүдө иш жүзүндө иштеген жумуш убактысын эсепке алууну уюштурууга милдеттүү.

2. Ишке келүүнүн жана кетүүнүн эсеби статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү белгиленген формадагы жумуш убактысын пайдалануунун табелдеринде, жылдык табелдик карточкаларда жана башка документтерде жүргүзүлөт.

3. Иш жүзүндөгү жумуш убактысы эсепке алынууга тийиш, ага иштелген жана иштелбеген убакыт кирет. Иштелген убакыттын курамында ченемден ашыкча иштөөнүн, өзүнчө иштөөчүлөрдүн убакыт боюнча иштеген ишинин, иш сапарларынын убактысы өзүнчө эске алынат. Иштелбеген убакыттын курамында акы төлөнүүчү жана акы төлөнбөөчү убакыттар, ошондой эле кызматкердин күнөөсү боюнча жана анын күнөөсү жок жумуш убактысынын текке кетиши бөлүп көрсөтүлөт.

4. Иш жүзүндөгү убакыт кызматкер иш тартибине, кезметтүүлүк графигине ылайык же иш берүүчүнүн өзгөчө көрсөтмөсү боюнча ишти аткаруу ордуна келген учурдан тартып ошол күнү жумуштан (кезметтен) иш жүзүндө бошотулганга чейин эске алынат.

5. Жумуштун токтоп калуу убактысы токтоп туруу жөнүндө баракчалардын жана башка документтердин негизинде эске алынат.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-63)
