# 61-берене. Ийкемдүү жумуш убактысынын режими. Ченемделбеген жумуш күнү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 61-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-61

---

1. Ийкемдүү жумуш убактысынын режими жумушта милдеттүү түрдө болуу убактысын (белгиленген убакыт) жана ал убакыттын ичинде кызматкер жумушка өзүнүн каалоосу боюнча келүүгө жана кетүүгө укуктуу болгон ийкемдүү (өзгөрүлмө) убакытты белгилейт.

2. Белгиленген убакыттын жана ийкемдүү убакыттын ар бир бөлүгүнүн узактыгы тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

3. Жумуш күнү ичинде ийкемдүү убакыттын максималдуу узактыгы 10 сааттан ашпоого тийиш, эсепке алуу мезгилинде жумуш убактысынын сааттарынын суммасы ошол мезгилдеги сааттардын ченемине барабар болууга тийиш.

4. Иш берүүчү тийиштүү эсепке алуу мезгилдери (жумуш күнү, жума, ай жана башкалар) ичинде кызматкердин жумуш сааттарынын суммалык санын иштөөсүн камсыз кылат.

5. Ченемделбеген жумуш күнү - иштин өзгөчө режими, анда айрым кызматкерлер иш берүүчүнүн тескемеси боюнча зарыл болгон учурларда өздөрүнүн эмгек функцияларын жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан тышкары аткарууга тартылышы мүмкүн.

6. Ченемделбеген жумуш күнү менен иштеген кызматкерлердин кызмат орундарынын тизмеги жамааттык келишим, макулдашуулар же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-62)
