# 59-берене. Жумуш убактысын суммалык эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 59-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-59

---

1. Кызматкерлердин ушул категориясы үчүн белгиленген жумуш убактысынын күндөлүк же жумалык узактыгынын ченемин өндүрүштүн (жумуштун) шарттары боюнча сактоого мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон уюмдарда эсепке алуу мезгилиндеги (ай, квартал жана башкалар) жумуш убактысынын узактыгы жумуш сааттарынын ченемдеги санынан ашпаган шартта жумуш убактысынын суммалык эсеби колдонулушу мүмкүн. Эсепке алуу мезгили 1 жылдан ашпоого тийиш.

2. Суммалык эсепке алууда жумуш убактысынын күндөлүк же жумалык узактыгы жумуш күнүнүн же иш жумасынын сааттарынын ченеминен көп же аз болушу мүмкүн.

3. Жумуш убактысын суммалык эсепке алууда эсепке алуу мезгили болуп анын чегинде кызматкерлердин ошол категориясы үчүн жумуш күнүнүн же иш жумасынын орточо белгиленген узактыгы сакталууга тийиш болгон мезгил эсептелет. Эсепке алуу мезгили календардык мезгилдер же белгилүү бир ишти аткаруу мезгили менен аныкталышы мүмкүн.

4. Эсепке алуу мезгилиндеги жумуш убактысынын сааттарынын ченеми жумуш күнүнүн (кезметинин) сааттарынын ченемдерин графикке же иштөө тартибине ылайык майрам алдындагы күндөрдө жана түнкү убакытта жумуш убактысын кыскартууну эске алуу менен эсепке алуу мезгилиндеги жумуш күндөрүнүн санына көбөйтүү жолу менен эсептелет.

5. Жумуш убактысын суммалык эсепке алууну киргизүү тартиби уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-60)
