# 56-берене. Түнкү убактагы иш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 56-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-56

---

1. Түнкү убактагы иш деп кечки саат 22ден эртең мененки саат 6га чейинки убакыт эсептелет.

2. Түнкү убактагы иштин (кезметтин) узактыгы 1 саатка кыскартылат.

3. Эгерде жамааттык келишимде башкача каралбаса, кыскартылган иш убактысынын узактыгы белгиленген кызматкерлер үчүн, ошондой эле атайын түнкү убакта иштөө үчүн кабыл алынган кызматкерлер үчүн түнкү убактагы иштин (кезметтин) узактыгы кыскартылбайт.

4. Түнкү убактагы иштин узактыгы эмгектин шарттары боюнча зарыл болгон учурларда (үзгүлтүксүз иштөөчү өндүрүштөрдө, уюмдарда), ошондой эле бир дем алыш күнү менен алты күндүк иш жумасындагы кезметтик иштерде күндүзгү иш менен теңештирилет. Көрсөтүлгөн иштердин тизмеси жамааттык келишим, локалдуу ченемдик актылар менен аныкталышы мүмкүн.

5. Эгерде мындай жумуш медициналык көрсөткүчтөр боюнча аларга тыюу салынбаса, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана кош бойлуу аялдар түнкү убакта иштөөгө тартылышы мүмкүн.

6. 3 жашка чейинки курактагы балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар кызматкерлер түнкү убактагы жумушка алардын макулдугу боюнча гана тартылат.

7. Түнкү убакта иштөөгө 18 жашка чейинки курактагы адамдарга жол берилбейт.

8. Кинематография уюмдарынын, теле жана видеого тартуу жамааттарынын, театрлардын, театралдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл кызматкерлеринин жана кесипкөй спортчулардын түнкү убакта иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү бул кызматкерлердин категорияларынын тизмегине ылайык жамааттык келишим, локалдуу ченемдик актылар же болбосо эмгек келишиминин тараптарынын макулдашуусу менен аныкталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-57)
