# 54-берене. Күнүмдүк иштин (кезметтин) узактыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 54-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-54

---

1. Күнүмдүк иштин (кезметтин) узактыгы төмөнкүлөрдөн ашпайт:

1) 14төн 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн - 5 сааттан, 16дан 18 жашка чейинкилер үчүн - 7 сааттан;

2) жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин), башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окуу жылы ичинде окуусун иш менен айкалыштырган 14төн 16 жашка чейинки курактагы окуучулары үчүн - 2,5 сааттан, 16дан 18 жашка чейинки курактагылар үчүн - 3,5 сааттан;

3) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн - медициналык корутундуга ылайык.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленген оор кара жумуштарда, зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлер үчүн күндөлүк иштин (кезметтин) узактыгы 36 сааттык иш жумасында - 6 сааттан ашпайт.

3. Кинематография уюмдарынын, теле жана видео тартуу жамааттарынын, театрлардын, театр жана концерттик уюмдардын, цирктердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл кызматкерлери, кесипкөй спортчулар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү бул кызматкерлердин категорияларынын тизмегине ылайык күнүмдүк жумуштун иштин (кезметтин) узактыгы ченемдик укуктук актыларга, локалдуу ченемдик актыларга, жамааттык келишимдерге, эмгек келишимдерине ылайык белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-55)
