# 53-берене. Беш күндүк жана алты күндүк иш жумасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 53-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-53

---

1. Эки дем алыш күнү менен беш күндүк же бир дем алыш күнү менен алты күндүк иш жумасы кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча иш берүүчү тарабынан бекитилүүчү ички эмгек тартибинин эрежелери же кезметтүүлүк графиктери менен аныкталат.

2. Алты күндүк иш жумасында күнүмдүк иштин (кезметтин) узактыгы 40 сааттык жумалык ченемде 7 сааттан, 36 сааттык жумалык ченемде - 6 сааттан жана 24 сааттык жумалык ченемде - 4 сааттан ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-54)
