# 52-берене. Толук эмес иш убактысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 52-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-52

---

1. Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча ишке кабыл алууда да, андан кийин да толук эмес жумуш күнү же толук эмес иш жумасы белгилениши мүмкүн. Иш берүүчү кош бойлуу аялдын, 14 жашка чейинки курактагы баласы, 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баласы бар ата-эненин (камкорчунун, көзөмөлчүнүн) биринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте медициналык корутундуга ылайык үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн баккан адамдын кат жүзүндөгү арызы боюнча толук эмес жумуш күнүн же толук эмес иш жумасын белгилөөгө милдетүү.

2. Толук эмес жумуш убактысынын шарттарында иштөөдө кызматкерге эмгек акы иштеген убактысына пропорциялуу же өндүргөнүнө жараша төлөнөт.

3. Толук эмес жумуш убактысынын шарттарында иштөөдө ар жылдык негизги төлөнүүчү өргүүнүн узактыгына, эмгек стажын эсептөөгө жана башка эмгек укуктарына таасирин тийгизбейт.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-53)
