# 51-берене. Жумуш убактысынын узактыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 51-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-51

---

1. Жумуш убактысынын ченемдеги узактыгы, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо жумасына 40 сааттан ашпайт.

2. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишимдеринде жумуш убактысынын азыраак узактыгы каралышы мүмкүн.

3. Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн жумуш убактысынын төмөнкүдөй кыскартылган узактыгы белгиленет:

1) 14төн 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн - жумасына 24 сааттан ашык эмес, 16дан 18 жашка чейинкилер үчүн - жумасына 36 сааттан ашык эмес;

2) оор кара жумуштарда, зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлер үчүн - жумасына 36 сааттан ашык эмес;

3) майыптуулуктун I жана II топторундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп саналган кызматкерлер үчүн - жумасына 36 сааттан ашык эмес.

4. Иши жумуш убактысынын кыскартылган узактыгына укук берген өндүрүштөрдүн, цехтердин, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеси, ошондой эле зыяндуу же оор, кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Иши жогорку акыл-эстин, нервдик, эмоционалдык чыңалуу менен байланышкан кызматкерлердин айрым категорияларына (врачтарга, педагогдорго жана башкаларга) жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленет.

6. Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категориялары жана алардын жумуш убактысынын узактыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-52)
