# 5-берене. Иш берүүчү тарабынан кабыл алынган эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдуу ченемдик актылар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 5-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-5

---

1. Иш берүүчү өз компетенциясынын чегинде мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге, макулдашууларга ылайык эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдык ченемдик актыларды кабыл алат.

2. Иш берүүчүнүн актылары кагаз жүзүндө жана/же электрондук санариптик кол тамга аркылуу ырасталган электрондук документ түрүндө таризделет.

3. Ушул Кодексте, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимде каралган учурларда иш берүүчү эмгек укугунун ченемдерин камтуучу локалдык ченемдик актыларды кабыл алууда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу жүргүзөт.

4. Эмгек мыйзамдарына, жамааттык келишимге, макулдашууларга салыштырмалуу кызматкерлердин абалын начарлатуучу же ушул Кодексте каралган кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуунун тартибин сактабастан кабыл алынган локалдуу ченемдик актылар жараксыз болуп саналат. Мындай учурларда эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар же башка ченемдик укуктук актылар колдонулат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-6)
