# 49-берене. Эмгек келишимин тараптардын эркинен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083#diff=44238..55401>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 49-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-49

---

1. Эмгек келишими тараптардын эркинен көз каранды болбогон төмөнкүдөй жагдайлар боюнча токтотулууга тийиш:

1) кызматкердин аскердик же альтернативдик кызматка чакырылуусу, ошондой эле жубайынын башка жерге кызматка которулгандыгына байланыштуу;

2) кызматкердин мурда аткарган ишине эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечими боюнча калыбына келтирилиши;

3) ишке кабыл алуунун белгиленген эрежелеринин бузулушу;

4) кызматкердин мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүнө ылайык мурдагы ишин улантууга мүмкүндүк бербеген жазага тартылышы;

5) шайлануучу кызмат ордуна шайланбай калышы;

6) кызматкердин же иш берүүчүнүн - жеке жактын өлүмү, ошондой эле кызматкердин же иш берүүчүнүн - жеке жактын сот тарабынан өлдү же дайынсыз жоголду деп таанылышы;

7) эгерде мындай жагдай Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен киргизилсе, эмгек мамилелерин улантууга тоскоолдук кылуучу өзгөчө жагдайлардын (согуштук иш-аракеттер, кыйроолор, табигый кырсыктар жана башка өзгөчө кырдаалдар) жаралышы.

2. Эгерде кызматкерди анын макулдугу менен башка ишке которууга мүмкүн болбосо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн негизде эмгек келишимин токтотууга жол берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-50)
