# 48-берене. Бошотулган кызматкерлерге жеңилдиктер жана компенсациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 48-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-48

---

1. Уюмду жоюуга же кайра уюштурууга же болбосо санын же штатын кыскартууга байланыштуу эмгек келишимин бузууда бошотулган кызматкердин жумуштан бошогондон кийин ишке орноштуруу мамлекеттик кызматында 10 жумуш күндүн ичинде жумуш издөөчү катары катталган шартта иштен бошонуу жөлөкпулун эске алуу менен 3 айга чейинки жумуш издөө мезгилинде орточо айлык эмгек акысы сакталат. Бошотулган күндөн тартып биринчи ай үчүн кызматкерге орточо эки айлык эмгек акыдан кем эмес өлчөмдө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт, жумуш издөөнүн экинчи жана үчүнчү айлары үчүн кызматкердин орточо айлык эмгек акысы сакталат.

2. Эгерде үч айлык мөөнөт аяктагандан кийин бошотулган кызматкерге ылайыктуу жумуш берилбесе, же ал сунушталган эки жумушунан баш тартса, ал жумушсуз статусуна ээ болот.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-49)
