# 47-берене. Иштен бошотуу жөлөкпулу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 47-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-47

---

1. Ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча эмгек келишимин бузууда эки орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт.

2. Ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна, 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун "а" пунктчасына жана 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына ылайык эмгек келишимин бузууда орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт.

3. Эмгек келишиминде же жамааттык келишимде иштен бошотуу жөлөкпулдарын төлөөнүн башка учурлары каралышы, ошондой эле иштен бошотуу жөлөкпулдарынын жогорулатылган өлчөмдөрү белгилениши мүмкүн.

4. Анын иштен бошотулушу мыйзамсыз деп таанылган учурда мурдагы ишине калыбына келтирилген кызматкердин пайдасына орточо эмгек акыны өндүрүүдө ага төлөнгөн иштен бошотуу жөлөкпулу чегерилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-48)
