# 43-берене. Эмгек келишимин кызматкердин демилгеси боюнча (өз каалоосу боюнча) бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 43-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-43

---

1. Кызматкер бул тууралуу иш берүүчүгө жазуу жүзүндө арыз берүү менен бир ай мурда эскертип, белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишимин же мөөнөттүү эмгек келишимин бузууга укуктуу. Эскертүү мөөнөтү бүткөндө кызматкер ишти токтотууга укуктуу, ал эми иш берүүчү ага эмгек китепчесин берүүгө жана ага тийиштүү сумманы төлөөгө милдеттүү.

2. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишими эскертүү мөөнөтү бүткөнгө чейин да бузулушу мүмкүн.

3. Эгерде анын жумуш ордуна ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу мүмкүн болбогон башка кызматкер жазуу жүзүндө чакырылбаса, эскертүү мөөнөтү ичинде кызматкер өз арызын чакыртып алууга укуктуу.

4. Кызматкердин демилгеси боюнча иштен бошотуу жөнүндө анын арызы анын ишти улантууга мүмкүн эместиги менен шартталган учурларда (билим берүү уюмуна тапшырышы, пенсияга чыгышы же башка жүйөлүү себептер), ошондой эле иш берүүчү тарабынан эмгек укугунун ченемдерин камтыган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, жамааттык келишимдин, макулдашуунун же эмгек келишиминин шарттары бузулган учурларда иш берүүчү кызматкердин арызында көрсөтүлгөн мөөнөттө эмгек келишимин бузууга милдеттүү. Эмгек мыйзамдарын, жамааттык келишимди, макулдашууну же эмгек келишимин бузуу фактысы эмгек мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө органы, кесиптик бирлик органы же сот тарабынан белгиленет.

5. Иш берүүчү мөөнөттүү келишимди кызматкердин талабы боюнча бузуудан баш тарткан учурда кызматкер талаш-тартышты чечүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

6. Мөөнөттүү эмгек келишими ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүйөлүү себептерсиз бузулган учурда иш берүүчү кызматкерден эмгек келишиминде каралган, бирок орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө компенсацияны талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-44)
