# 41-берене. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишимин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 41-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-41

---

1. Белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча кандай болбосун убакта бузулушу мүмкүн. Бул негиз боюнча эмгек келишимин бузуу датасы кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

Ушул негиз боюнча эмгек келишимин бузуу ниетин билдирген эмгек келишиминин тарабы эмгек келишиминин экинчи тарабына жазуу жүзүндө сунуш жиберет. Сунушту алган тарап 3 жумуш күндүн ичинде экинчи тарапка кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Эмгек келишимин бузуу жөнүндөгү макулдашууну жокко чыгарууга эмгек келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-42)
