# 40-берене. Эмгек келишимин токтотуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 40-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-40

---

1. Эмгек келишимин токтотуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) тараптардын макулдашуусу (41-берене);

2) эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү (42-берене);

3) кызматкердин демилгеси (43-берене);

4) иш берүүчүнүн демилгеси (44-берене);

5) кызматкердин өтүнүчү же макулдугу боюнча аны башка иш берүүчүгө ишке которуу же шайлануучу (ишке) кызмат орунга өтүшү;

6) тараптардын эркинен көз каранды болбогон жагдайлар (49-берене);

7) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу башка ишке которуудан кызматкердин баш тартуусу (36-берененин 3-бөлүгү);

8) эмгектин олуттуу шарттарынын өзгөрүүсүнө байланыштуу кызматкердин ишти улантуудан баш тартуусу (32-берененин 3-бөлүгү);

9) уюмдун менчик ээсинин алмашуусуна, анын баш ийүүчүлүгүнүн (ведомствого караштуулугунун) өзгөрүшүнө жана кайра уюштурулушуна (38-берененин 3-бөлүгү) байланыштуу кызматкердин уюмда ишти улантуудан баш тартуусу;

10) иш берүүчүнүн башка жерге которулушуна байланыштуу кызматкердин которуудан баш тартуусу (30-берененин 1-бөлүгү);

11) сыноо мөөнөтүнүн канааттандырарлык эмес натыйжалары (24-берененин 7-бөлүгү).

2. Эмгек келишими ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча да токтотулушу мүмкүн.

3. Бошотуу датасы бошотуу жөнүндө буйрук менен белгиленет.

4. Эмгек келишимин токтотуу ушул Кодекстин же башка ченемдик укуктук актылардын тиешелүү беренесине, пунктуна шилтеме жасоо менен эмгек келишимин бузуунун негиздерин көрсөтүү аркылуу иш берүүчүнүн буйругу менен (тескеме, токтом) таризделет.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-41)
