# 4-берене. Эмгек мыйзамдары жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылар. Эл аралык укуктун ченемдери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083#diff=32924..34848>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 4-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмгек мамилелерин жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу эмгек мыйзамдары, эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошуп алганда, жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылар: ушул Кодекс, башка мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдуу ченемдик актылар менен жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык келишимдер жана эл аралык укуктун башка ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизги бөлүгү болуп саналат.

3. Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде кызматкер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында, макулдашууларда, жамааттык келишимдерде каралганга караганда кызматкер үчүн кыйла жагымдуураак эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.

4. Ушул Кодекс менен кызматкерлердин абалын начарлатуучу ченемдерди камтыган башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылык болгон учурда, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.

Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары менен макулдашуу боюнча эмгек укугунун ченемдерин камтыган актыларды кабыл алууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-5)
