# 39-берене. Кызматкерлерди жумуштан жапырт бошотуунун алдын алуу боюнча иш берүүчүнүн милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 39-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-39

---

1. Кызматкерлерди жумуштан жапырт бошотуу коркунучу болгон учурда иш берүүчү кесиптик бирлик же уюмдун кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органы жана эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча төмөнкүлөрдү караган атайын чараларды көрүүгө милдеттүү:

1) жаңы кызматкерлерди кабыл алууну чектөөнү же убактылуу токтотууну, айкалыштырып иштегендерди бошотууну;

2) ченемден ашык иштөөнү колдонууну жоюуну;

3) ушул Кодекстин 32-беренесине ылайык эмгектин олуттуу шарттарын өзгөртүүнү;

4) кызматкерлерди этап-этабы менен бошотууну;

5) башка чараларды, эгерде алар жамааттык келишимде жана макулдашууда каралса.

2. Жапырт бошотуу болуп 2 айдын ичинде катары менен 50 адамга чейинки сандагы уюмдарда кызматкерлердин 25 пайызынан кем эмесин жана саны 50 адамдан ашык сандагы уюмдарда кызматкерлердин 15 пайызынан кем эмесин кыскартуу эсептелет.

3. Кызматкерлерди 1 жылдын ичинде жапырт жумуштан бошоткон же уюмдун же анын бөлүмүнүн кызматкерлеринин 30 пайыздан ашыгы иштин мүнөзүнө, кызматкерлердин макулдугуна же макул эместигине карабастан иштен бошотууга жол бербөө боюнча иш берүүчү тарабынан чаралар көрүлбөгөн учурда иш берүүчү мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат же уюмдун бөлүмүнүн жетекчилигине карата чараларды колдонот.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-40)
