# 38-берене. Менчик ээси алмашкан жана уюм кайра уюштурулган учурдагы эмгек мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 38-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-38

---

1. Уюмдун менчик ээси алмашкан учурда жаңы менчик ээси анда менчик укугу пайда болгон күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен уюмдун жетекчиси, анын орун басарлары жана уюмдун башкы бухгалтери менен эмгек келишимин бузууга же кайра түзүүгө укуктуу.

2. Уюмдун менчик ээсинин алмашуусу (аны ар кандай формада менчиктештирүү), ошондой эле уюмду ижарага берүү, ага барабар аны кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүнүп чыгуу, өзгөртүп түзүү), баш ийүүчүлүгүн же аталышын өзгөртүү уюмдун башка кызматкерлери менен эмгек келишимин бузууга негиз болуп саналбайт.

3. Уюмдун менчик ээсинин алмашуусуна байланыштуу кызматкер ишти улантуудан баш тарткан учурда эмгек келишими ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык токтотулат.

4. Уюмдун мүлкүнүн менчик ээси алмашкан учурда кызматкерлердин санын же штатын кыскартууга менчик укугунун өтүшүн мамлекеттик каттоодон кийин гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-39)
