# 36-берене. Ден соолугунун абалы боюнча башка ишке которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 36-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-36

---

1. Медициналык корутундуга ылайык башка иштин берилишине муктаж болгон кызматкерди иш берүүчү анын макулдугу менен ден соолугунун абалы боюнча ага каршы көрсөтүлбөгөн иш берүүчүдөгү башка ишке убактылуу же мөөнөтүн чектебестен которууга милдеттүү.

2. Ден соолугунун абалы боюнча акы аз төлөнүүчү ишке которууда которулган адамга ал которулган күндөн тартып 1 айдан кем эмес мезгилге эмгекке акы төлөөнүн мурдагы орточо өлчөмү сакталат.

3. Кызматкер которуудан баш тарткан учурда же болбосо уюмда тиешелүү иш болбогон учурда эмгек келишими ушул Кодекстин 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык токтотулат.

4. Ишке байланыштуу мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна байланыштуу аз акы төлөнүүчү ишке убактылуу которулган кызматкерлерге ден соолугунун бузулгандыгы үчүн жооптуу иш берүүчү мурдагы эмгек акысынын өлчөмү менен жаны ишиндеги эмгек акысынын ортосундагы айырманы төлөп берет. Мындай айырма эмгекке жарамдуулугу калыбына келгенге же эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугу же болбосо майыптыгы аныкталганга чейин төлөнөт.

5. Ишке байланыштуу мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугунун башка бузулушуна байланыштуу кызматкерди медициналык корутундуга ылайык башка ишке которуу жөнүндө маселе чечилгенге чейин ал мунун натыйжасында калтырган бардык жумуш күндөрү үчүн эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен иштен бошотулат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-37)
