# 34-берене. Жумуштун токтоп калышына байланыштуу убактылуу которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 34-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-34

---

1. Уюштуруу, экономикалык, табигый мүнөздөгү себептер боюнча же кызматкердин күнөөсү боюнча, ошондой эле жок кызматкердин ордун ээлөө боюнча ишти убактылуу токтото туруу бош туруп калуу деп таанылат.

2. Жумуштун токтоп калышына байланыштуу убактылуу которуу кызматкердин кесибин, адистигин, кызматын, квалификациясын эске алуу менен жүргүзүлөт.

3. Башка иш берүүчүгө убактылуу которуу кызматкердин макулдугусуз - 1 айга чейинки мөөнөткө, ал эми кызматкердин макулдугу менен - жумуштун токтоп калышынын бардык убактысына жүргүзүлөт.

4. Жумуштун токтоп калуусуна байланыштуу кызматкерди башка жерге, ошондой эле кызматкердин ден соолугунун абалы боюнча каршы көрсөтүлгөн ишке убактылуу которууга жол берилбейт.

5. Жумуштун токтоп калышына байланыштуу аз акы төлөнүүчү ишке убактылуу которууда иштеп чыгуу ченемдерин аткарган кызматкерлерге мурдагы иши боюнча эмгек акынын орточо өлчөмү сакталат, ал эми ченемди аткарбаган же убакыт боюнча төлөнүүчү ишке которулган кызматкерлерге алардын тарифтик ставкасы (маянасы) сакталат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-35)
