# 33-берене. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу башка ишке убактылуу которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230021083/edition/25298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230021083/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 33-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-33

---

1. Өндүрүштүк зарылчылык болгон учурда иш берүүчү кызматкерлерди аткарган иши боюнча, бирок мурдагы иши боюнча орточо эмгек акысынан төмөн эмес эмгек акысы менен 1 айга чейинки мөөнөткө ошол эле уюмдагы же болбосо башка уюмдагы, бирок ошол эле жердеги эмгек келишиминде шартталбаган ишке которууга укуктуу.

2. Убактылуу которууга кыйроонун, өндүрүштүк авариянын алдын алуу же кыйроонун, авариянын же табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн; күтүлбөгөн кырсыктарды, мүлктү жок кылууну же бузууну болтурбоо үчүн жана калктын ченемдүү жашоо шарттарына коркунуч туудурган башка өзгөчө учурларда жол берилет. Мында кызматкер ден соолугунун абалы боюнча ага каршы көрсөтүлгөн ишке которулушу мүмкүн эмес.

3. Убактылуу которуу буйрук (тескеме, токтом) менен таризделет, аны менен иш берүүчү кызматкерди кол койдуруу менен тааныштырат.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230021083/st-34)
